7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Дүйнөдөгү акыркы окуялардан улам, кырдаал мындан да начарлап кетиши мүмкүн. Даяр болушубуз керек

763

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде социалдык тармактын кызматкерлеринин Республикалык жыйынына катышууда. Өлкө башчы кыргызстандыктарга кайрылды.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Ошентип, 1-апрелден тарта 309 миңге жакын социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 2022-жылдын 9 айына кошумча 26 млрд сомду бөлдүк. Бул төлөмдөрдөн тышкары, 1-июндан баштап балдарга жөлөк пулдарды, аларга жеке кам көргөндөргө жана башка категориядагыларга төлөмдөрдү көбөйтүүнү пландап жатабыз. Пенсияны, адаттагыдай эле, ушул жылдын октябрь айында көтөрүү планыбызда. Эмгек акыларды, жөлөк пулдарды жана башка төлөмдөрдү көтөрүү жөн эле номиналдуу эмес, олуттуу түрдө сезилерлик болушу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз!

Ушул жерден дагы бир жолу баса белгилеп айта кетейин. Биз бүгүн социалдык жана маданият тармактарда иштеген кызматкерлердин айлык акыларын көтөрдүк. Казынабыз толтура болсо баардык тармактардын айлык акыларын чогуу көтөрмөкпүз Бирок сиздер, мамлекеттик кызматкерлер жакшы билесиздер. Казынабыз ченелүү. Ошондуктан ушуга чейин чыдаган жаныныздар дагы бир аз чыдап турунуздар деп суранып кетээр элем. Кудай буюрса, силердин айлык акыларды экинчи кварталдан кийин көтөрөбүз. Ага чейин казынабызды толтуруп алалы»,- деди президент.

Өлкө башчы азыр абал оор, бардык жерде кымбатчылык болуп жатканын айтып, дүйнөдөгү акыркы окуялардан улам, кырдаал мындан да начарлап кетиши мүмкүн экенин билдирди.

«Мекендештериме, жалпы эле кыргызстандыктарга ачык айтып, кайрылып кетейин: Ооба, азыр абал оор. Бардык жерде кымбатчылык. Баалар өстү. Жумуш жок. Эң зарыл деген нерселерге акча табуу кыйындап баратат. Дүйнөдөгү акыркы окуялардан улам, кырдаал мындан да начарлап кетиши мүмкүн. Биз буга даяр болушубуз керек. Баарыңыздардан чыгымдарды кайра карап чыгып, кымбат буюмдарды сатып алууну кийинкиге жылдыра туруп, той-топурду азайтып, каражатты ысырап кылбоого чакырам.

Мен өз жарлыгым менен сөөк коюу каадасында мал союуга чектөө киргизгенимди билесиздер. Бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлдеги да, ар бир үй-бүлөнүн деңгээлинде дагы эң негизги маселе — бул азык-түлүк коопсуздугу. Айдоо жерлерибиздин бир метр жерин да кысыр калтырбайлы! Жаздын ар бир күнүн жер менен иштөөгө жумшооңуздарды өтүнөм. Жаздын бир күнү — жылга тете! Мамлекет ар бир кыргызстандыкка социалдык жактан кам көрүү үчүн бар күчүн аянбайт. Буга бөркүңүздөй ишене берсеңиздер болот. Эмгекчилер күнү 1-майда айтылган суммалар колуңуздарга тийгенде — кубанычыңыздар эки эсеге көбөйөт деп ишенем. Дагы бир жолу менин эң жакшы тилектеримди кабыл алыңыздар. Мамлекетибиз дайыма туруктуу өнүгүүдө болсун. Ар дайым бири-бирибизди колдоп, ынтымакта жашайлы, жергебизде тынчтык болсун. Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан өзү колдосун!»- деди өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

764