7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Муфтий президентке ажылык сапарды уюштуруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди

432

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-февралда, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын  директору Тойгонбай Абдыкаров менен Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Замир кары Ракиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын башкы муфтийи Замир кары Ракиев Мамлекет башчыга өлкө жарандарынын мусулмандардын ыйык шаары Меккеге (ажылык) зыярат кылуу иштерин уюштуруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Анын маалыматы боюнча, быйылкы жылы Сауд Аравия Королдугу Меккеге ажылыкка барууну каалаган кыргызстандык зыяратчылар үчүн 6110 квота бөлгөн. Коррупциянын алдын алуу, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана каражаттардын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө максатында 2023-жылкы ажылык сапарга даярдык көрүү боюнча республикалык штаб түзүлгөн, анын курамына мамлекеттик органдардын, анын ичинде укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирген.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров комиссиянын учурдагы ишмердүүлүгү, аткарылган иштер жана жакынкы келечектеги артыкчылыктуу пландар тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчысы алардын докладдарын угуп, алдыдагы ажылык сапарга даярдык көрүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи.

Ал ажылык сапарды уюштурууда баштапкы жылдары финансылык бузуулар жана коррупция сыяктуу жагымсыз фактылар болгонун эске салды. Президент элдин ажылыкка жумшай турган суммасы дагы аз эместигин, ошондуктан алар берген каражаттарынын кайсы жактарга сарпталгандыгын билүүгө толук акысы бар экендигин, коррупциялык иштерге жол берилбеши керектигин өзгөчө белгиледи.

“2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы жөнүндө” президенттин Жарлыгы чыкканын айтып, Садыр Жапаров дин жаатында саясатты бул документке ылайык жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошону менен бирге президент Садыр Жапаров маркумду акыркы сапарга узатуу, ашын берүү жана башка каада-салт, иш-чараларда ашыкча ысырапкорчулукка жол бербөө максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкты элге түшүндүрүү боюнча активдүү ишти улантууну тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

433