7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент катышкан «Мурас» футбол мелдеши “Ден соолук” командасынын жеңиши менен аяктады

295

Бүгүн, 1-июнда, Бишкекте Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 31-майда жана 1-июнда өткөн «Мурас» футболдук мелдеши жыйынтыкталды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө спорт ден соолуктун жана узак жашоонун булагы экенин баса белгиледи жана командаларга мындан аркы турнирлерде жеңиш каалады.

Ал ошондой эле «Мурас» турниринин 3-ирет жеңүүчүсү болгон «Ден соолук» командасын куттуктады.

Мелдештин жыйынтыгында «Ден соолук» командасы биринчи орунду ээлеп, 400 миң сом байгеге ээ болду.

Экинчи орунга «Ыйман» командасы чыгып, 300 миң сом алды. Турнирде 3-орунду «Президенттин командасы» ээлеп, 200 миң сом байгеге ээ болду.

«Коопсуздук» командасы 4-орунду ээлеп, 100 миң сомдук сертификат алды.

Үч номинация боюнча турнирдин мыкты оюнчулары да аныкталып, алар 50 миң сомдук сертификаттарга ээ болушту:

«Мыкты чабуулчу» — 7 гол киргизген Президент Садыр Жапаров. Мамлекет башчысы акчалай сыйлыкты «Ыйман» командасына берди.

«Мыкты дарбазачы» — Султан Осмонбеков («Ыйман» командасы).

«Мелдештин мыкты оюнчусу» — Нурлан Турусбеков («Ден соолук» командасы).

Жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине кубоктор жана медалдар ыйгарылды. Сыйлык тапшыруу аземинин соңунда эстеликке сүрөткө түшүштү.

296