Президент, Куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысы Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, Ички иштер министрлигинин өздүк курамын Кыргыз милициясынын 101 жылдыгы менен Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өткөн салтанаттуу иш-чарада куттуктады.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу генералдар, офицерлер жана сержанттар!
Урматтуу аскер кызматчылары жана салтанаттуу иш-чаранын ардактуу меймандары!
Биз бүгүн өлкөбүздүн коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүп, өзүнүн кесипкөйлүгү, эмгекчилдиги жана кайратмандыгы менен айырмаланган Кыргыз милициясынын күнүнө карата салтанаттуу иш-чарада турабыз.
Мекенге кызмат өтөө — ар бир адамдын эрки жетип, колунан келе бербеген, тайманбас эрдикти, дем-күчтү талап кылган ыйык милдет. Мына ошол милдетти абийирдүүлүк менен аткарып, элибиздин бейпилдигин, мамлекетибиздин туруктуулугун сактоонун алдыңкы сабындагы жоокерлери, мыйзамдуулуктун калканы болгон милиционерлер – Ата Мекенге берилүүнүн, элге кызмат кылуунун эң мыкты өрнөгүсүздөр.
Сиздердин тынымсыз аракетиңиздердин аркасында бүгүн жалпы кыргыз жарандары өздөрүн коопсуз, ишенимдүү сезет.
Ошондуктан, ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамын жана кадырлуу ардагерлерин бүгүнкү кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктаймын!
Урматтуу мекендештер!
Милиция кызматы 1924-жылдын 1-ноябрында Кара-Кыргыз автономдуу облусунун курамында түзүлгөндөн тартып, бир кылымдан бери элибиздин коопсуздугун бекем сактап, кылмыштуулукка каршы күрөшүү милдеттерин так аткарып келе жатышат. Ар кандай кыйынчылыктарга туш болуп, ары татаал, ары кооптуу жолду басып, бирок сыноолорго моюн сунбай, тоскоолдуктардан чыйралып, оор жүктү аркалап келишүүдө.
Жүз жылдык тарыхыбызга саресеп салсак, эли-жерибизди коргоп, жарандарыбыздын бейпил жашоосу үчүн жүздөгөн милиция кызматкерлери баатырларча курман болгон. Алардын элесине ар дайым башыбызды ийип, таазим кылабыз.
Милиция кызматы жөн гана кесип эмес, бул чоң жоопкерчиликтин, кайрат-күчтүн жана ар-намыстын өзөгүн туюндурган бийик вазийпа экенин баса белгилейм.
Акыркы беш жылдан бери Кыргыз милициясынын ишмердүүлүгүн бекемдөө үчүн, милициянын абыроюн арттыруу үчүн олуттуу кадамдар жасалып жаткандыгына учкай токтоло кетейин.
Жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында ички иштер органдарынын материалдык-техникалык каражаттарынын 85 пайызы жаңыланып, кызматкерлердин кийиминен баштап иш тутумуна чейин заман талабына ылайык өзгөртүлдү.
Айлык акыларын 2 эсеге, ал эми Баткен облусунда кызмат өтөгөн кызматкерлердин маяналарын 4 эсеге жогорулатып, өздүк курамга социалдык жактан колдоо көрсөтүп жатабыз.
Ички иштер министрлиги толугу менен «Санарип милиция» системасына өтүп, анын алкагында жүктөлгөн милдеттерин так, таасын ишке ашырып келүүдө.
Ыкчам-издөө иштерин жакшыртуу максатында өлкөнүн бардык аймактарына 4 миңден ашуун заманбап видео-камера, анын ичинде жүзүнөн тааный турган технологиялар орнотулду. Натыйжада кылмыштардын бетин ачуу кыйла ыкчамдап, кылмышкерлер тез кармалып, мыйзам алдында жоопкерчиликке тартуу сөзсүз аткарыларына шарт түзүлдү. Бул — элге болгон ишенимди чыңдоого, тартипке жана адилеттикке алып келет!
Заманбап санарип технологиялардын жардамы менен коомдук тартип жана жол коопсуздугу камсыздалып, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүлүп келүүдө.
Бирок алдыда дагы чоң-чоң милдеттер, кечиктирилгис иштер турат. «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында видео-камералардын санын 20 миңге жеткирүү боюнча тапшырма бердим. Ошондой эле Ички иштер министрлигине кошумча штаттык бирдиктерди бөлүп беребиз. Бул иштердин бардыгы аткарылганда өлкөбүздүн коопсуздугу дагы бир деңгээлге көтөрүлөт деп ишенем.
Салтанаттуу иш-чаранын урматтуу катышуучулары!
Өзүңүздөр күбө болгондой, мына ушул тапта өлкөбүздүн бардык аймактарында ички иштер органдарына заманбап шарттагы 35 жаңы имаратты пайдаланууга берип жатабыз.
Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарында турак-жайга муктаж болгон кызматкерлерибизге 32 батирлүү көп кабаттуу үй Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу тапшырылууда.
Мындан сырткары, өлкөбүздө коомдук тартипти сактоо максатында жана ошондой эле Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнө 101 жылдыгына карата заманбап санарип технологиялар менен жабдылган 101 даана автоунаа берилүүдө. Бул автоунаалардын баары, жер-жердеги ички иштер органдарына жөнөтүлөт.
Бул — мамлекеттин милицияга болгон ишеними менен камкордугунун белгиси. Келечекте мындай үйлөр дагы курулат, биз бир дагы кызматкерди үй-жайсыз калтырбайбыз. Милициянын ишмердигин ыкчамдатууга техникалар керек болсо дагы караштырабыз. Эң башкысы коомдун туруктуулугу, элдин бейпилдиги – бул мамлекеттин негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири.
Урматтуу милиция кызматкерлери!
Мамлекет башчысы катары мен сиздердин кесибиңердин оордугун, жоопкерчилигин жана тобокелдигин жакшы түшүнөм.
Коомчулук милициядан ар дайым жогорку жоопкерчилик, адилеттик жана калыстыкты күтүшөт, талап кылышат. Ошондуктан ар бириңиздер “Милиция элдин кызматында” деген ыйык сөздү жүрөгүңүздөргө сактап, аны иш жүзүндө далилдеп туруңуздар!
Бүгүнкү майрамдык иш-чарада мен бүт өмүрүн коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө арнаган милициянын ардагерлерине терең ыраазычылыгымды билдире кетейин! Сиздердин мол тажрыйбаңыздар менен акыл-насаат кеп-кеңештериңиздер – жаш муун үчүн чоң сабак!
Ал эми катардагы офицерлерге, сержанттарга жана аскер кызматкерлерине “Ар бир күнүңүздөр элдин тынчтыгы менен мамлекеттин коопсуздугуна арналсын! “деп буйрук берем. “Мекениме кызмат кылам!” деген антыңыздарды абийирдүүлүк менен так аткарып, коомдук тартиптин чыныгы сакчысы – чыныгы милициянын үлгүсү болуңуздар.
Ал эми жаңы имараттар менен техникалык каражаттар сиздерге кут болсун! Алар эл коопсуздугу үчүн пайдаланылып, мамлекетибиздин тынчтыгын сактоого чоң салым кошот деп ишенем.
Баткендеги жаңы үйлөрдө тынчтык, бакубат жашоо орносун!
Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жаңы-жаңы ийгиликтерди каалайм!
Күнөстүү Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык болсун!
Бүгүнкү майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!”



