7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгон Каратаевдин үй-бүлөсүнө унаа берди

674

Өткөн жылдын апрель-май айларында кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяда тажик аскерлеринин огунан курман болгон Мамасалы Каратаевдин үй-бүлөсүнө президент Садыр Жапаровдун атынан унаа берилди. Бул тууралуу 7-каналга президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өлкө башчынын атынан берилген унааны президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев тапшырды. «Облус башчысы маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, ар дайым мамлекет тарабынан тиешелүү жардамдар мындан ары да берилип, көзөмөлдө болоорун айтты.  Белгилей кетсек чек ара окуясында курман болгон Каратаевдин унаасы талкаланган. Маркумдун уулу буга чейин атасынын унаасын калыбына келтирип, айдагысы келгендиги боюнча кайрылуу жасаган. Өлкө башчы маркумдун уулунун кайрылуусун угуп, анын үй-бүлөсүнө унаа тапшырды. Президент Садыр Жапаровго Каратаевдин үй-бүлөсү өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти. Каратаевдин үй-бүлөсү учурда чек ара окуясында каза болгон жарандар үчүн курулган Мадина шаарчасында жашашат. Маркумдун артында жубайы жана 6 баласы калган»,- деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

675