7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Кыргызстанда жанга жайлуу жана бактылуу жашоо үчүн бардык шарттар бар

847

«Биздин мамлекеттин эң башкы байлыгы — биздин адамдарыбыз. Кыргызстандын көп улуттуу, таланттуу, ынтымактуу, сабырдуу жана тырышчаак эмгекчил эли!»,- деп белгиледи Садыр Жапаров социалдык тармактын кызматкерлеринин республикалык жыйынында.

«Кыргыз эли эгемендик доорунда үч ирет өтө чоң саясий толкунду башынан өткөрдү. Ошол кездин саясий, экономикалык-социалдык стандарттарына жана түзүлгөн карым-катнаштарына каршы карапайым эл тайманбастан көтөрүлгөндүгүн тастыктайт.

Ошондуктан биз руханий-адеп-ахлактык, маданий баалуулуктарды технологиялык прогресстин акыркы жетишкендиктери менен табигый түрдө үндөшүп турган абалга жеткирүүнүн зарыл экендигин белгиледик.

Кыргыз элинин кылымдар бою калыптанган каада-салттарына таянып, өлкөбүздө жашаган бардык улуттар жана элдер менен биргеликте цивилизациялуу, гүлдөгөн мамлекетти курууга алдыга карай умтулушубуз керектиги белгиленген.

Булардан сырткары, Жарлыкта мамлекетибиздин жана коомубуздун негизин түзүп турган тарбиячылардын, мугалимдердин, дарыгерлердин кадыр-баркын жана статусун көтөрүү боюнча так максаттар коюлган.

Ошондой эле, алардын ар биринин чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн ачып, өнүктүрүү үчүн, билим берүү тармагына окуу процессин жогорку деңгээлде жүргүзүүгө жөндөмдүү таланттуу педагогикалык жана илимий кызматкерлерди тартуу боюнча — максималдуу түрдө ыңгайлуу шарттарды түзүү каралган.

Ошентип, Президент болуп шайлангандан кийинки эң биринчи жасаган кадамым дал мына ушуга багытталды — тагыраак айтканда номер биринчи Жарлыгым руханий-адеп-ахлактык тарбияга арналды.

Тагдыр мага соңку жылдарда биздин элибиздин басып өткөн жолу, тарыхы тууралуу, кыйын кезеңдердеги ата-бабаларыбызга дем берген улуттук нарк-насилдер жана да биздин муундун башына түшкөн кыйынчылыктар жөнүндө кеңири ой калчоого шарт түзгөндөй болбодубу.

Азыр биз бардык мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалана албай, эгемендүү мамлекетте эркин жана бактылуу жашоонун даамын дагы да жакшылап тата албай келгенибизге бардыгыбыздай эле мен да кейийм.

«Биз канткенде туруктуу өнүгүүгө жетип, ийгиликке карай өсүү жолуна чыга алабыз?» деп абдан көп ойлоном.

Изги өзгөрүүлөргө жетүүнү камсыз кыла ала турган кыска жана кепил берчү ыкма барбы?

Элимдин потенциалы алиге чейин ачылбагандыгынын сыры эмнеде? — деген суроолор мага таптакыр тынчтык бербейт.

Жооп, албетте, түшүнүктүү жана айдан ачык.

Биздин мамлекеттин эң башкы байлыгы — биздин адамдарыбыз — Кыргызстандын көп улуттуу, таланттуу, ынтымактуу, сабырдуу жана тырышчаак эмгекчил эли!

Табият жана тарых да бизди куру кол калтырган эмес, өлкөбүз көптөгөн кен байлыктарга ээ. Биздин тоолор түрдүү ресурстарга бай. Жерибиз берекелүү жана кереметтүү кооз. Биздин өлкөнүн суулары мол жана мөлтүр таза.

Кыргызстанда жанга жайлуу жана бактылуу жашоо үчүн бардык шарттар бар. Бирок, биздин ийгиликке жетүүбүздүн башкы ачкычы — бул биздин адам ресурсубуз.

Эң эле пайдалуу жана узак мөөнөттүү пайда алып келе турган мыкты инвестициялар деп — биз өз элибиздин өнүгүшүнө, билимине, саламаттыгына жана маданиятына салынган инвестицияларды атаганыбыз туура болот»,- деди Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

848