7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

559

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Урматтуу мекендештер! Кадырлуу мусулман бир туугандар!

Баарыңыздарды мусулмандардын ыйык майрамы – Орозо айт менен чын дилимден куттуктайм! Ыйык Орозо айындагы кайрымдуулук иштериңиздер жана изги ниет менен кармаган орозоңуздар кабыл болсун!

Ислам — сабырдуулуктун жана кечиримдүүлүктүн дини. Анын баалуулуктары улуттук каада-салттар менен айкалышып, элибиздин руханий өнүгүүсүндө маанилүү орунду ээлейт. Мусулманчылык туура жолго салып, жакшы иштер менен сооп табууга, күнүмдүк турмушта акылмандыктын, айкөлдүктүн жана токтоолуктун үлгүсү менен жашоого үндөйт.

Мээримдүүлүктүн, кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн айы — Рамазан айынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктайм. Жараткан Кыргызстаныбызга береке, тынчтык жана өнүгүү берсин, элибизге сабырдуулук, биримдик, бейпилдик ыроолосун!

Аруу тилектерибиз, асыл ой-максаттарыбыз ишке ашсын.

Бүтүндөй Кыргызстан элине, ар бир үй-бүлөгө чың ден соолук, бакыт, тынччылык жана бакубат жашоо каалайм.

Айтыңыздар маарек болсун!»- деди өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

560