7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Кыргызстандын эл аралык резерви 10 млрд доллардан ашты

148

Эл аралык резервдер өлкө тарыхында биринчи жолу 10 млрд доллардан ашты. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн «Ынтымак Ордодо» өткөн республикалык кеңешмеде айтты.

Өлкө башчысы белгилегендей, соңку жылдары Кыргызстандын финансылык туруктуулугу принципиалдуу түрдө жаңы деңгээлге чыкты.

«Эл аралык резервдер өлкө тарыхында биринчи жолу 10 млрд доллардан ашты. Бул – өлкөбүздүн макроэкономикалык туруктуулугунун, улуттук валютабыздын бекемдигинин стратегиялык запасы жана эртеңки күнгө болгон ишеними.

2025-жылы алдыңкы эл аралык рейтинг агенттиктери Кыргызстан суверендүүлүгүнүн кредиттик рейтингин «Б+» деңгээлине чейин жогорулагандыгын белгилешти. Бул өлкөбүздүн инвестициялык жагымдуулугун арттырууда маанилүү кадам болду», — деди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, бүгүн «Ынтымак ордодо» президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган республикалык кеңешме өттү.

149