7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Мамлекет өз өлкөсүнө берилген, өз тарыхын аздектеген жаштарды ар дайым колдойт

380

“Мамлекет өз өлкөсүнө берилген, өз тарыхын аздектеген жана элибиздин руханий баалуулуктарын сактаган жаштарды ар дайым колдойт”, — деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда, республиканын жогорку окуу жайларынын студенттерине (курсанттарына) президенттик стипендия тапшыруу аземинде белгиледи.

«Урматтуу студенттер, жалындуу жаштар! Бүгүнкү иш-чаранын кымбаттуу катышуучулары! “Кыргызстандын жаркын келечеги – биздин жаштарыбыз!” деп, жаштарга, айрыкча, жогорку окуу жайларда окуп, билим алып жаткан студенттерге абдан чоң үмүт артып келебиз. Себеби университет – гүлгүн курактагы жаштарга тандаган кесиби боюнча терең билим берип, ар тараптан такшалтып, таптап чыгара турган универсалдуу билим уясы. Жогорку окуу жайлардан өзүн да, өлкөсүн да өнүктүрүүгө дилгир жаштар чыгат деген ишеничибиз чоң!

Бүгүн мен дал ушундай өзүнүн келечеги менен мамлекетинин эртеңкисине ишенген, анын өнүгүүсүнө салым кошсом деп, татыктуу билим алып жаткан жалындуу жаштар – мыкты студенттер менен жолугушуп, аларга окуудагы, илимий жана чыгармачыл чөйрөдөгү мыкты жетишкендиктери үчүн Президенттик стипендияларды тапшыруу иш-чарасында турганыма абдан кубанычтамын»,- деди өлкө башчы. 

381