7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Мамлекетибизге карата кандай гана агрессия болбосун, жооп кайтарууга даярбыз

572

Биз Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун ажырагыс бөлүгү катары мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун үстүндө талыкпай иштөөнү уланта беребиз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

«Кыргыз Республикасы тынчтыкты сүйгөн өлкө экендигин өзгөчө белгилеп кетким келет. Биз кайсы бир башка өлкөгө кол салуу максатын көздөбөйбүз, андай ниетибиз да жок, андай пландарды дагы койбойбуз. Кандай гана чыр-чатак болбосун, аны алдын алууга же бир гана дипломатиялык жол менен чечүүгө болот деп эсептейм. Биз ички жана тышкы саясатта дал ушул принципти карманабыз. Ошол эле учурда, бизге карата куралдуу агрессия көрсөткөндөр болсо, анын кесепетинен жарандарыбыз курман болуп жатса, үйлөрүбүз жана башка инфратүзүмдөрүбүз талкаланып өрттөлүп жатса, биз андайга жөн гана байкоо салып отура албайбыз. Биз кандай гана агрессор болбосун, тиешелүү жооп кайтарууга даярбыз. Тилекке каршы, азыркы учурда дүйнө жүзүндө кыйын кырдаал түзүлүүдө. Ал региондук эле эмес, глобалдык деңгээлде да тез өзгөрүп, аскердик-саясий аракеттер менен коштолууда. Мунун баары аскердик жана мамлекеттик башкаруу системасын бекемдөө зарылдыгын эскертип, аскердик коопсуздук коркунучтар артып баратканынан кабар берет. Ага ылайык аскердик коопсуздукту жана коргонууну камсыз кылууга мамлекеттик көз карашты кайра карап чыгууну талап кылууда»- деди президент.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

573