7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент “Манас” эл аралык аэропортунун реконструкция иштерин текшерүүгө барды

10

“Кыргыз авиациясы мамлекетибизди чөлкөмдүк авиациялык борборго айлантуу максатын ишке ашыруу аркылуу Борбор Азиядагы эң өнүккөн, атаандаштыкка жөндөмдүү инновациялык тармактарынын бири болоруна ишеничим бекем!”, — деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда, “Манас” эл аралык аэропортундагы реконструкция иштерин текшерүү учурунда белгиледи.

Мамлекет башчысынын сөзү өзгөртүүсүз берилди:

“Ардактуу мекендештер!

Урматтуу авиация кызматкерлери!

Бүгүн мен өлкөбүздүн негизги аба дарбазасы – “Манас” эл аралык аэропортунда жүрүп жаткан реконструкция жана кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен таанышканы келдим.

Бул аэропорт — Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркы, өлкөбүздүн жүзү! Учак аркылуу Кыргызстанга келген ар бир меймандын өлкөбүз тууралуу алгачкы пикири дал ушул жерден калыптанат.

Кыргыз авиациясы мамлекетибизди чөлкөмдүк авиациялык борборго айлантуу максатын ишке ашыруу аркылуу Борбор Азиядагы эң өнүккөн, атаандаштыкка жөндөмдүү инновациялык тармактарынын бири болоруна ишеничим бекем!

Учурда “Манас” эл аралык аэропортунда учуп-конуу тилкесин жана рулеждик жолдорду жаңылоо, жарык берүүчү жана аэродром жабдууларын жаңыртуу, аэробекет комплексин кеңейтүү сыяктуу масштабдуу иштер жүрүп жатат.

Буюрса, бул иштер аяктагандан кийин аэропорт эл аралык жарандык авиация уюмунун эң жогорку III категориясынын талаптарына жооп берет жана Кыргызстандын авиациялык мүмкүнчүлүктөрүн сапаттык жаңы деңгээлге чыгарат. “Манас” аэропорту жакынкы келечекте Борбор Азиядагы эң заманбап авиациялык хабдардын бирине айланат.

Өлкөбүздүн негизги аба дарбазасында туруп, акыркы жылдары кыргыз авиациясы үчүн жаңы барак ачылып жаткандыгына, башкача айтканда, бул тармакта жасалып жаткан алгылыктуу иш-аракеттерге азыноолак токтолууну туура көрүп турам.

Соңку эки жыл ичинде “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коому өз каражатынын эсебинен жалпы 8 миллиард 186 миллион сомго жакын каражатты авиациялык инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жумшады. 3 миллиард 356 миллион сомго атайын авиациялык техника жана заманбап жабдуулар алынды.

Ал эми “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы жалпы наркы 2 миллиард 385 миллион сом болгон үч Бомбардиер Даш -8 (Bombardier Dash-8 Q400) учагын сатып алды. Бул аракеттер улуттук авиация өз мүмкүнчүлүгүнө ишенип, тармактын туруктуу өнүгүп, эл аралык деңгээлге ишенимдүү чыга баштаганын далилдеп турат.

Мындан тышкары, “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы жакында орто аралыктагы багыттарга уча турган эки заманбап учак сатып алууну пландап жатат.

Бул демилге рейстердин жыштыгын көбөйтүп, багыттардын географиясын кеңейтүүгө жана жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатууга шарт түзөт. Муну менен авиакомпаниянын эл аралык рыноктогу позициясы бекемделип, Кыргыз Республикасынын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
“Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун жетекчилиги менен жалпы жамааты мына ушундай ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү милдетти аркалап, ири долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып жатышкандыгын баса белгилейм.

Биз чынында эле авиация тармагындагы реалдуу өзгөрүүлөрдүн күбөсү болуп жатабыз. Бул өзгөрүүлөр — Кыргызстандын авиациясынын жаңы доору десек жаңылышпайм. Буюрса, биздин аэропорттор дүйнөлүк стандарттарга жооп берген, жүргүнчүлөр үчүн коопсуз жана ыңгайлуу борборлорго айланып бара жатат. Мунун баары — элдин ишениминин жана мамлекеттик колдоонун натыйжасы.

Урматтуу замандаштар!

Авиация тармагында аймактарда да абдан маанилүү иштер аткарылып жатат.
“Ош” эл аралык аэропортунда ири иштер жүрүүдө. Өзүңүздөр билгендей, азыркы учурда жаңы аэробекет комплекси курулууда. Ал бүтөөрү менен түштүк аймагыбызда жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапаты кыйла жогорулайт. Кийинки жылы учуп-конуу тилкесин реконструкциялоо менен III категорияга жеткирүү мерчемделүүдө. Бул – Кыргызстандын түштүк дарбазасы үчүн тарыхый жаңылануу болуп, өлкөнүн авиациялык потенциалын мындан ары да бекемдейт.

Ал эми “Нарын” жана “Талас” аэропорттору жаңыртылып, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. “Казарман” аэропорту колдонууга даярдалды. Өткөн жылы “Каракол” эл аралык аэропорту пайдаланууга берилгенин билесиздер. Бул аэропорт “Ала-тоо резорт” курорту менен бирге, Ысык-Көл облусунун туристтик өнүгүшүнө жаңы дем берет. Ошондой эле “Ысык-Көл” аэропортунда да жаңы аэробекет комплекси курулуп, анын сыйымдуулугу саатына 450 жүргүнчүгө жеткирилет.

Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы эң ири авиациялык долбоорлордун бири – “Жалал-Абад” эл аралык аэропорту боюнча иштерибиз башталды. Жаңы аэропорттун жанынан өтө турган “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу жана айдын соңунда ачыла турган “Кашгар” аба коридору өлкөбүздүн транзиттик жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кескин кеңейтет. Бул долбоорлор Кыргызстанды Борбор Азиядагы маанилүү транспорттук борборлордун бири болуп, өлкөбүз үчүн жаңы экономикалык, туристтик мүмкүнчүлүктөр ачылат.

Урматтуу мекендештер!

Тилекке каршы, 2006-жылы Кыргызстан Европа Биримдигинин “кара тизмесине” киргизилгенин билесиздер. Бүгүнкү күндө мына ошонун үстүнөн чечкиндүүлүк менен тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Өлкөбүздүн авиация тармагы бирдиктүү команда болуп, бул маселени жолго салуу үчүн чындап киришти. Буга чейин көйгөйдү чечүү көп жылдар бою сөз жүзүндө гана айтылып келген болсо, азыр конкреттүү иштер жүрүп жатат. Кыргыз авиациясынын командасы Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, “кара тизмеден” чыгуу боюнча акыркы этаптарды ийгиликтүү өткөрүүдө.

Мындан улам, биздин авиациялык командабыз ишенимдүү, аракетчил жана натыйжага багытталган иш-аракеттери менен чыныгы кесипкөйлүктүн жана жогорку жоопкерчиликтин үлгүсүн көрсөтүп жатканын баса белгилеп кетейин.

Буюрса, жакын арада Европа асман мейкиндиги кыргыз авиакомпаниялары үчүн кайрадан ачылат. Бул тарыхый учур өлкөбүздүн эл аралык аброюн көтөрүп, жаңы-жаңы инвестицияларды тартууга жана туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Урматтуу авиация кызматкерлери!

Аткарылып жаткан иштердин баары — мамлекеттин стратегиялык чечимдеринин жана силердин талыкпаган мээнетиңердин жыйынтыгы. Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин аркасында өлкөбүздүн асманы ачык, аба каттамдары коопсуз болуп, өлкөбүздүн эл аралык абырою барган сайын артууда.

Бул аракетиңиздерди Кыргызстандын келечегине кошкон салым деп баалайм.

Сиздерге элибиздин атынан терең ыраазычылык билдирем. Мамлекет бул тармакты колдоону мындан ары да улантат.

Учурдан пайдаланып, сиздерди кечээги, 7-октябрда белгиленген Жарандык авиация күнү – майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубат жашоо жана албан-албан ийгиликтерди каалайм!

Кыргызстандын көк асманы ар дайым ачык болсун!”.

11