7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

116

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:
«Урматтуу мекендештер!
Кымбаттуу балдар жана ардактуу ата-энелер!

Жай мезгилинин алгачкы күнү – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктаймын!

Бул күн балалыктын баёо, жыргал мезгилин өткөрүп жаткан балдарыбызды коргоо жаатындагы милдеттерибизди эске сала турган күн!

“Бала – бакыт, бала – байлык” деген кеменгер элибиз байыртадан эле баланы кут, ырыскы, үмүт катары көрүп, терең маани берип, бапестеп-баалап өстүрүп чоңойтушкан.

Бүгүнкү күндө да өлкөбүздөгү ар бир ымыркай, ар бир наристе, ар бир жеткинчек сүйүүгө, мээримге, камкордукка бөлөнүүгө тийиш. Себеби балалык кезде балдарга сүйүү, мээрим жана камкордук бөтөнчө маанилүү!

Албетте, өлкөбүздө ар бир бала өзүн эркин, коопсуз сезип, сергек жана бакубат жашоодо өсүшү үчүн бардык аракеттер жасалууда.

Соңку жылдары балдарга карата зомбулукка жол бербөөгө, билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, ошондой эле балдарга кам көрүү системасын өнүктүрүүгө багытталган бир катар ченемдик-укуктук актылар кабыл алынды.
Мамлекеттик саясаттын учурдагы артыкчылыктары ведомстволор аралык координациялоону күчөтүү, аялуу балдарды каттоо системасын санариптештирүү, үй-бүлөгө жана коомчулукка багытталган профилактикалык программаларды жайылтуу болуп саналат.

Аймактарда балдардын өнүгүүсүнө шарт түзгөн бала бакчалар, мектептер, өнүктүрүү борборлору көбөйтүлүп, инфратүзүмдүк колдоо ырааттуу жүргүзүлүп келет. Анткени ар бир баланын билим алууга, медициналык кызматттар менен камсыз болууга жана коопсуз жашоого болгон укугун негизги артыкчылык катары карайбыз. Мындай иш-аракеттерибиз мамлекетибиздин келечегине салынган инвестиция болуп эсептелет.

Бүгүнкү майрам күнү ата-энелерди да куттуктоо менен кошо аларга да кайрыла кетейин. Биз балдарыбызга үлгү болуу менен бирге, аларга мээрим төгүү, алдыга койгон максаттарын колдоо жана ар кандай кыйынчылыктардан коргоо – башкы милдетибиз экенин эсибизге бекем түйөлү.

Баса белгилей кетүүчү нерсе, эң камкор ата-эне дагы баланын өнүгүшү үчүн жалгыз өзү тиешелүү шарттарды түзө албайт. Мында үй-бүлө менен коомдун, үй-бүлө менен мамлекеттин биргелешкен тыгыз кызматташтыгы өтө зарыл.

Үй-бүлө түздөн-түз балага ата-энелик мээримин төгүп, татыктуу тарбия берсе, мамлекет балдарды коргоо боюнча тиешелүү шарттар менен камсыздап, толук кандуу өсүп-жетилишине, талантынын ачылышына коопсуз жана жагымдуу чөйрөнү түзөт.

Жалпы журтубуздун үмүтү, мамлекетибиздин жаркын келечеги болгон кымбаттуу балдар!
Балдай ширин балалыгыңар терең билим, татыктуу тарбия менен жуурулушуп өтсүн!
Адептүү, билимдүү болуп чоңоюп, элиңерге кызмат кылган инсандар болгула!
Асманыңар ар дайым ачык болсун!»

117