7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров чет мамлекеттердин БУУдагы туруктуу өкүлдөрүн кабыл алды

243

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда, Бириккен Улуттар Уюмундагы Чет мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрүн кабыл алды.

Мамлекет башчысы Мали, Кирибати, Вануату, Тонга, Тувалу, Палау, Буркина-Фасо, Соломон аралдары, Сан-Томе жана Принсипи мамлекеттеринин өкүлдөрү менен саламдашууда, көп тараптуу кызматташтыктын негизги институту катары БУУнун ролун күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Президент эл аралык коопсуздук үчүн олуттуу чакырыкка айланган экологиялык көйгөйдү кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарынын бири катары белгилеп өттү. Бул контекстте ал өлкөдө тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилерин ырастады. Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы 15тен ашык резолюция кабыл алган.

Садыр Жапаров 2023-2027-жылдар тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы деп жарыяланганын эске салып, Африка, Кариб жана Тынч океан өлкөлөрүнүн өкүлдөрүн 2027-жылы Бишкекте өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

«Өлкөлөрүбүздүн географиялык алыс жайгашуусуна карабастан, биз окшош чакырыктарга туш болуудабыз жана аймакка ылайыкташтырылган инновациялык чечимдерди таба алабыз деп ишенебиз», — деди Мамлекет башчысы.

Чет мамлекеттердин БУУдагы туруктуу өкүлдөрү өз кезегинде Президент Садыр Жапаровго жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдиришип, Кыргызстандын Уюмдун ишмердүүлүгүнө кошкон салымын белгилешти.

244