7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Гананын тышкы иштер министри Сэмуэль Аблакваны кабыл алды

16
Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-мартта, Гана Республикасынын тышкы иштер министри Сэмуэль Аблакваны кабыл алды.
Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча тараптардын аракеттенүүлөрүн өнүктүрүү келечеги талкууланды.
Мамлекет башчысы өлкөлөрдүн географиялык жактан алыс жайгашканына карабастан, Кыргызстан Гана менен эки жактуу жана көп тараптуу форматта кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.
Садыр Жапаров Африка өлкөлөрү менен өнөктөштүктү бекемдөө боюнча активдүү иштер жүрүп жатканына токтолду. Буга байланыштуу, өткөн жылы Кыргызстандын Эфиопиядагы элчилиги ачылганын, жакынкы аралыкта Египетте да элчилик ачуу пландаштырылып жатканын кошумчалады.
Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргызстан Африка биримдигинде байкоочу макамын алганына көңүл бурду. Бул уюмдун алкагында, анын ичинде Гананын 2027-жылдагы төрагалыгынын мезгилинде кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Гананын тышкы иштер министри Сэмуэль Аблаква өз кезегинде Садыр Жапаровго Гананын Президенти Джон Драмани Махаманын жылуу саламын айтып, Гананын көз карандысыздыгынын 70 жылдыгына жана Африка биримдигине төрагалык кылуусуна байланыштуу келерки жылы өлкөгө келип кетүүгө чакыруусун жеткирди.
Сэмуэль Аблаква Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалардын маанисин жогору баалап, айрыкча коррупцияга каршы күрөшүү жана улуттук кызыкчылыктарды коргоо багытындагы аракеттерди, анын ичинде “Кумтөр” маселесин белгиледи. Ошондой эле курулуш, санариптештирүү, туризм жана агроөнөр жай комплекси эки өлкөнүн кызматташтыгы үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экенин айтты.
Соңунда Президент Садыр Жапаров менен Гананын тышкы иштер министри Сэмуэль Аблаква бул сапар өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана ишкердик мамилелерди чыңдоодо жаңы барак ачарына ишеним билдиришти.
17