7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен АКШга барды

203

Садыр Жапаров 5-ноябрда, Президент Дональд Трамптын чакыруусу боюнча Америка Кошмо Штаттарына иш сапары менен барды.

Мамлекет башчысынын учагы “Эндрюс” авиациялык базасына конду.

Президентти АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капур жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Килем төшөлүп, ардактуу кароол ротасы тизилип, анын жоокерлери эки өлкөнүн тууларын кармап турушту.

Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров «С5+1» форматындагы мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынына катышат. Иш-чара «С5+1» диалог платформасынын 10 жылдык мааракесине карата уюштурулуп, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашууга багытталган.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаров менен Президент Дональд Трамптын эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылууда.

204