7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Курултайда ишкерлерге кайрылды

20

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, IV Элдик Курултайда сүйлөгөн сөзүндө ишкерлерге кайрылды.

Мамлекет башчысы ишкерлер азыркы убакта ашыкча текшерүүлөргө туш болуп, айрым учурларда адилетсиздикке да туш келип жатышканын билерин айтты.

“Жаңы жылдык каникулдардан кийин баарыңарды, күч жана салык түзүмдөрү менен бизнес чөйрөсүн чогултуп, ийри олтуруп түз кеңешип, чечимдерди кабыл алам деген планым бар”, — деп баса белгиледи Президент. Ал бизнеске көптөгөн жеңилдиктер берилерин айтты.
Президент маанилүү тенденция: негизги капиталга инвестициялардын көбөйүшү байкалып жатканын баса белгиледи.

Бул жаңы ишканалардын ачылышы, өнөр жайдын өнүгүшү, заманбап объектилердин курулушу жана миңдеген жумуш орундардын түзүлүшү дегенди билдирет.

“Барган сайын көп жарандарыбыз өндүрүшкө, кайра иштетүүгө, фермердик чарбаларга жана инновацияларга каражат салууда”, — деп белгиледи ал.

Президент чет элдик инвестициялардын өсүшү, ири компаниялардын кызыгуусу, ресурстарыбызга, инфратүзүмдөрүбүзгө жана реформаларыбызга көңүл бурушу биздин туура жолдо бара жаткандыгыбыздын көрсөткүчү экенин ырастады.

“Инвесторлор өздөрүн мамлекет тарабынан ишенимдүү коргоодо тургандыгын сезиши үчүн бардык чараларды көрүүдөбүз.

Инвестициялык процедураларды жөнөкөйлөтүп жатабыз: макулдашууларды кыскарттык, бюрократиялык тоскоолдуктарды алып салдык, санариптик кызматтарды киргиздик”, — деди Президент Садыр Жапаров.

21