7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Сербиянын Тышкы иштер министрин кабыл алды

484

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-апрелде, өлкөгө расмий сапар менен келген Сербия Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары, тышкы иштер министри Ивица Дачичти кабыл алды.

Эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосунда саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгиледи. Кыргызстан серб өнөктөштөрү менен биргелешип иштөөгө ачык.

Ал саясий деңгээлде Кыргызстан менен Сербиянын ортосунда эч кандай пикир келишпестик жана талаштуу маселелер жок экенин, бул кыргыз тарапты абдан кубандырарын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Сербиянын мындан аркы кызматташтыгы үчүн биргелешкен ишти улантуу керектигине ишенимин билдирип, Сербиянын Президенти Александр Вучичке саламын жолдоду.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө басым жасады.

Өз кезегинде Сербия Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары, тышкы иштер министри Ивица Дачич Президент Садыр Жапаровго жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Сербиянын Президенти Александр Вучичтин атынан саламын жана иш сапар менен алардын өлкөсүнө баруу чакыруусун жеткирди.

Ивица Дачич дос Кыргызстанга келгенине кубанганын билдирип, анын өлкөгө сапары тарыхый экенин белгиледи, анткени ал Сербиянын акыркы 25 жылда расмий иш сапары менен келген биринчи тышкы иштер министри.

Сербиянын тышкы иштер министри белгилегендей, эки өлкөнүн көптөгөн маселелер боюнча позициялары окшош, бирок эки тараптуу кызматташуу дагы эле жетиштүү деңгээлде өнүгө элек. Бул контекстте мындай сапарлар биргелешкен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө түрткү болушу маанилүү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Сербиянын ортосунда түрдүү тармактарда достук мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча макулдашышты. Кызматташтыктын бардык тармактарында өз ара пайдалуу байланыштар үчүн шарттарды түзүү зарылчылыгы баса белгиленди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

485