7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент “Солнце в ладошках” коомдук фондуна ыраазычылык кат жолдоду

14

Президент Садыр Жапаров кайрымдуулук жана ыктыярдык ишмердүүлүгү үчүн “Солнце в ладошках” аттуу үй-бүлөнү, эне жана баланы колдоо коомдук фондуна ыраазычылык кат жолдоду. Катты Президенттин администрциясынын пресс-катчысы Аскат Алагөзов тапшырды.

Анын айтымында, президент жакында эле жекшемби күндөрдүн биринде тоого сапарында аталган фонддун өкүлдөрү таштандыларды тазалап, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого үлгү көрсөтүп жатышканына күбө болгон.

“Бул көңүл сыртында калган жок. Мамлекет башчысы жаратылышты терең урматтаган жана жарандарды өз жерин сүйүүгө, тазалыкты сактоого жана өзгөрүүлөрдү жеке өзүнөн баштоого үндөп келген адам катары, мындай аракетти өзгөчө жылуу сезим менен белгиледи. Бул Мекенге болгон чыныгы сүйүү сөз менен гана эмес, иш жүзүндө да көргөзүлөрүн далилдеп турат. Дал ушундай чын ыкластуу жана кайдыгер эмес адамдардан Кыргызстандын күчү жана келечеги куралат. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча бүгүн ыраазычылык кат тапшырдым. Бул — алардын эмгеги, кайдыгер эместиги жана баарыбызды бириктирген баалуулуктарга болгон берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирүүнүн белгиси. Мындай мисал башкаларга дем берет. Ошондой эле жаратылышка жалпыбыздын камкордугубуз өлкөбүздүн гүлдөгөн келечегине кошкон салымыбыз болот деп ишенем”, — деди ал жолугушуу учурунда.

Кошумчалай кетсек, фонддун негизги ишмердүүлүгү – ар кандай оор илдеттерден жабыркаган кичинекей балдарга жардам берүү.

Ошол эле учурда фонддун өкүлдөрү негизги ишинен тышкары, бош убактыларында жаратылыш парктарында ишембиликтерди өткөрүп, адамдарга жардам берүү жана табиятка кам көрүү – жашоого карата боорукер жана жоопкерчиликтүү мамиленин ажырагыс бөлүгү экенин өздөрүнүн мисалында көрсөтүшөт.

15