«Канчалаган мыкты-мыкты мыйзамдар кабыл алынса дагы, соттордун иштөөсүнө жакшы шарттар түзүлүп, материалдык жактан толук камсыздалса дагы, сот системасы ичинен жаңыланып тазаланмайынча, кардиналдуу өзгөрүүлөргө өзүңөр умтулбасаңар оңолуш кыйын»,-деди өлкө башчы Садыр Жапаров судьялардын XII курултайында.
«Аймактардагы сот имараттарынын бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу мен жакшы кабардармын. Судьяларды кызматтык турак жайлар менен камсыз кылуу, соттор үчүн заманбап имараттарды куруу боюнча пландарыбыз бар.
Демек, мамлекет тарабынан сотторго тиешелүү шарттарды түзүү кадамдары жасалып, камкордук көрүлөт.
Бирок судьялар корпусу тарабынан соттордун көз карандысыздыгын бекемдөөгө багытталган чечкиндүү кадамдар байкалбай жатат!
Коомубуз да, жарандарыбыз да судьялардын иштерине, сот адилеттигинин акыбалына дале болсо нааразы.
Урматтуу судьялар! Соттордун калыстыгына, иш билгилигине, адилеттүүлүгүнө көлөкө түшүрө турган аракеттер, судьялардын жүрүм-турумунун этикалык нормаларынын бузулушу жана башка терс көрүнүштөр жеке судьянын гана аброюна шек келтирбестен, жалпы мамлекеттин жана КРнын Президенти катары менин дагы беделиме шек келтирет!
Ошондуктан, канчалаган мыкты-мыкты мыйзамдар кабыл алынса дагы, соттордун иштөөсүнө жакшы шарттар түзүлүп, материалдык жактан толук камсыздалса дагы, сот системасы ичинен жаңыланып тазаланмайынча, кардиналдуу өзгөрүүлөргө өзүңөр умтулбасаңар оңолуш кыйын!
Натыйжада силер өзүңөрдү дагы, мамлекетти дагы артка тартасыңар! Мындай абалды көз жаздымда калтырууга болбойт!
Ооба, судьялык кызмат канчалык оор жана жооптуу экени баарыбызга маалым. Судьялар дайыма чыр-чатактын, талаш-тартыштардын, алтургай адам өмүрүн алган кырсыктардын, трагедиялардын шартында жашаганы айдан ачык жана мындай кыйынчылыктарга баары эле туруштук бере албайт.
Ошондой болсо дагы, бул силердин өзүңүздөрдүн тандооңор. Жашоонун ушундай кыйын, ошону менен бирге ардактуу жолун өзүңөр аныктап, тандап олтурасыңар.
Урматтуу судьялар! Мен дагы бир жолу бардыгыңарга кайрылып, таза иштеп, башка мамлекеттик бийлик бутактарынан көз карандысыз, күчтүү жана ачык-айкын сот бийлигин түзүүдө өзүңөрдүн тарыхый миссияңарды так аткарып, олуттуу салымыңарды кошосуңар деген ишеничте экенимди билдире кетейин.
Мына жакынкы эле арада Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Жогорку Сотунун жетекчилиги алмаштырылды.
Ошол жетекчи кызматтарга жалпы сот системасы үчүн чындап күйгөн, анын ишин алдыга жылдырууга кудурети жете турган, тажрыйбалары зор, таза, потенциалы күчтүү, амбициялуу адамдар келди деп ойлойм.
Албетте мурдагы төрагалары дагы жаман иштеген жок. Жакшы иштеди. Бул жерден жөн гана ар бир 3-5 жылда алмашып турса, реформалар тез-тез жүрүп турат деген гана үмүт.
Сиздерге жеке мен эле эмес, бүткүл кыргыз эли чоң үмүт артып олтурат. Андыктан, элдин үмүт-тилегин актап иштешиңер керек! Силердин ары татаал, ары жоопкерчиликтүү ишиңерге ийгиликтерди каалайм!