7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент суучул Владислав Шуликону дүйнөлүк рекордду жаңылашы менен куттуктады

1117

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта, Баткен облусунда иш сапары менен жүрүп, алты күндө Ысык-Көлдү сүзүп өтүп дүйнөлүк рекорд коюшу менен кыргызстандык суучул Владислав Шуликону телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекет башчысы Владислав Шулико 181 чакырым узундуктагы Ысык-Көлдү сүзүп өтүп, болуп көрбөгөндөй эрдик жасаганын белгилеген.

«Бардык кыргызстандыктар, анын ичинде мен дагы алты күн бою созулган көлдө сүзүүңүздү сарсанаа болуп карап аттык. Сиз койгон рекорд тууралуу кабарды чоң кубаныч жана толкундануу менен кабыл алдым. Сиз биздин чоң сыймыгыбызсыңыз. Сизге чейин мындай сүзүүнү эч ким жасаган эмес. Сиздин чеберчилик, өжөрлүк жана Мекениңиз – Кыргыз Республикасын таанытууга болгон эркиңиз коюлган максатка жетүүгө жардам берди», — деп белгиледи Президент сүйлөшүү учурунда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1118