7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент «Тигр» зооттолгон унааны айдап, анын техникалык өзгөчөлүктөрүн өзү сынады

684

Бүгүн, 25-мартта, Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына атайын техникаларды тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы өрт өчүргүч заманбап атайын техника жана шаймандар менен жабдылган өрт өчүрүүчү унааларды көрүп чыкты.

Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу» (ERIK) долбоорунун алкагында 58 даана өрт өчүрүүчү унаалар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүлүп берилди. Өрт өчүрүүчү унаалардын паркын мындай масштабдуу жаңылоо 2008-жылдан бери болгон эмес.

Андан соң президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы үчүн алынган КАМАЗ жана заманбап «Тигр» зооттолгон унааларынын техникалык мүнөздөмөлөрү менен таанышты. 50 жаңы КАМАЗ жана 55 «Тигр» зооттолгон унаалар толугу менен республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен сатылып алынган. Өлкөнүн эгемендүүлүк жылдарындагы мындай масштабда жаңы аскердик техниканы сатып алуу биринчи жолу болду.

Мамлекет башчысы «Тигр» зооттолгон атайын унаасын борбордук «Ала-Тоо» аянтында айдап, анын техникалык өзгөчөлүктөрүн өзү сынады.

Президент Садыр Жапаровдун аземдин катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүнөн кийин борбордун эски аянтынан катарга тизилген аскерлердин колонналары жана зооттолгон жаңы унаалар өттү.

Жаңы техника өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн, чек ара коопсуздугун чыңдоо үчүн сатылып алынды жана УКМКнын Чек ара кызматынын бөлүктөрүнө жөнөтүлөт.

УКМКнын Чек ара кызматына жана ӨКМге берилген техникалардын татаал жолдордон өтүү мүмкүнчүлүгү жогору жана климаты катаал шарттарда иштөөгө ыңгайланышкан.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

685