7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Президент, УКМК төрагасы, жана Башкы прокурор менен байланышым бар» деп коркутуу жолу пара алып жүргөн жаран кармалды

496

16-февралда системалык турдо мамлекеттик кызматкерлерден акчалай пара талап кылуу жана алдамчылык фактысы боюнча прокуратура органдарынын мурдагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран, мурдагы кызмат ордунда иштегенине таянып, жана өлкө башчысы, УКМК төрагасы жана Башкы прокурор менен байланышы бар деген жалган маалыматты жамынып алып, мыйзамсыз текшеруу иштерин жургузуп, майда мыйзам бузууларды таап, коркутуу жолу менен мамлекеттик кызматкерлерден акчалай пара алып келген.

Кармалган жаран Т.Т.Т. Жалал-Абад областынын мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынан 3 мин жана 10 мин АКШ долларын алган. Алдамчылык жол менен, КР кээ бир жарандарын 150 000 (жуз элуу мин) сом насыя алууга мажбур кылып, кымбат чонток телефонун алдырып, кийинчерээк озу тартып алган. Ошондой эле, бир нече ирет алдамчылык жолу менен, айдоочу куболук алып берем деген убада берип, жарандардан коп суммадагы акча алып келген. Анткени, кармалган жарандын атасы Т.Т.М. азыркы учурда Жалал-Абад областында ГП «УНАА» КР ИИМнин региональнык болумунун болум башчы кызматын ээлеп турат.

Азыркы учурда башка кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

497