Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун бекитүү жөнүндө жарлыгына кол койду.
Жарлыкта мындай деп айтылат: “Узак жана кызыктуу тарыхка, мол коомдук-саясий тажрыйбага ээ, руханий байлыгы терең, наркты бекем карманып келген кыргыз эли буйрукка жараша, эгемендикке ээ болгон жылдарында уңгулуу жолунан адашып, улуттук баалуулуктары анчалык көңүлгө алынбай, нарк ченемдерине ширелген коомдук институттары мурдагыдай болбой, даанышмандар баштаган улут билгелери баркталбай, улуттук сыймыгы төмөндөп, жарандык сезими мокоп, келечекке болгон ишеними азайып, куттуу мамлекетинин алсыроо мезгилине дуушар болду.
Кыргызстан эли ушул күнгө чейин келечекке ишеним жарата турган, коомдун мүмкүнчүлүгүн жаратмандыкка багыттоо күчүнө ээ, элдин биримдигин, уюмдашуу жөндөмүн арттыра алган, узак мөөнөттүү идеологияга, башбагытка муктаж бойдон калып келди. Аталган кырдаалдан ылдам чыгуунун ишенимдүү жолдорунун бири, кыргыз жарандарын бир муштумга бириктире турган, куттуу келечекке ишеним арттырган, жарандык мекенчилдикти күчөткөн, улуттун демин арттырып, ага дымак берген, жаңы демилгелердин жаралышына жол ачкан идеяларды иштеп чыгып, аны ыкчамдык менен ишке киргизүү экендиги маалым болду”.
Кыргыз Республикасын жакынкы жылдарда өнүккөн, күчтүү, дүйнөлүк бийиктиктерге жеткен мамлекетке айландыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:
— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгууда жана аларды кабыл алууда, ошондой эле Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын бекитүүдө Уңгужолдун жоболорун жана принциптерин эске алуу сунушталсын.
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
– социалдык-экономикалык саясатты иштеп чыгууда, кабыл алууда жана жүргүзүүдө Уңгужолдун жоболорун жана принциптерин жетекчиликке алсын;
– бул чөйрөдө колдонулуучу бардык ченемдик укуктук, концептуалдык, программалык документтерди инвентаризациялоо жана аларды Уңгужолго ылайык келтирүү боюнча ишти жүргүзсүн;
– Уңгужолду ишке ашыруу боюнча жобону иштеп чыксын;
– Уңгужолду кеңири пропагандалоо жана жайылтуу боюнча туруктуу ишти уюштурсун.
— Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Уңгужолдун негизинде региондук программаларды иштеп чыксын, кабыл алсын жана ишке ашырсын.