7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент унааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүүнү киргизүүгө каршы

369

Президенти Садыр Жапаров автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүүнү киргизүү сунушуна каршы. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасына билдирди.

Анын айтымында, бул демилгени мамлекет башчысы төмөнкү жүйөөлөрдүн негизинде колдобойт.

Учурда өлкөдөгү эски унаалардын саны азайган. Такси кызматын көрсөткөндөр автоунааларынын техникалык абалы жакшы болушуна биринчи кезекте өздөрү кызыкдар. Эң башкысы, милдеттүү түрдө техникалык кароону киргизүү бул функцияны өзүнө алган органда коррупциялык тобокелдиктерге жол ачышы ыктымалдыгы жогору.

Жогорудагыларды эске алуу менен президент Садыр Жапаров техкароону кайра киргизүүнү караган мыйзам долбоорун коомдук талкуудан алып коюу сунушун берди.

370