7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Япониянын Императору Нарухитону туулган күнү менен куттуктады

242

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Япониянын Императору Нарухитону туулган күнү — Япониянын улуттук майрамы  менен куттуктады.            

«Эгемендүүлүктү алган учурдан тартып достук мамиледеги Япония Кыргыз Республикасынын маанилүү өнөктөшү болуп келе жатат. Эки элдин жалпы жыргалчылыгына багытталган кыргыз-япон мамилелеринин динамикалуу өнүгүүсүн канааттануу менен белгилейм.

Мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон Япония Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасында ишке ашырып жаткан долбоорлорун жогору баалайбыз. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көрсөтүлгөн жардам үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирем.

Сиздин колдооңуз менен биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелер мындан ары да өнүгө берет деп ишенем», — деп белгиленет куттуктоодо.

Садыр Жапаров Император Нарухитого бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Япон элине тынчтык жана өнүгүүнү каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

243