Бүгүн өлкө билим берүү системасын эл аралык талаптарга жооп бергидей кылып жаңыртуунун аракетинде. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда жогорку окуу жайлардын студенттерине президенттик стипендия тапшыруу аземинде билдирди.
Өлкө башчысы белгилегендей, жогорку окуу жайларда окутуунун сапатын арттырууга басым жасалууда. Студенттердин билим алуусуна гана эмес, дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүү болуусуна шарт түзүү максатында жогорку окуу жайлардагы илимий изилдөөлөрдү колдоого, жаштардын чыгармачыл жана коомдук ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
“Бул багытта быйыл дагы айрым окуу жайлар өзгөчө макамга ээ болду. Мындай кадамдар аркылуу материалдык-техникалык базалары жаңыланып, академиялык жана каржылык өз алдынчалык макамы берилген окуу жайлардагы илимий изилдөөлөрдү өндүрүш менен тыгыз айкалыштырып, иш жүргүзүү талаптары катуу коюлууда.
Мына ушундай шартта силер, урматтуу студенттер, зирек ой жүгүртүү менен ошол заман талабына ылайык келген, Кыргызстандын өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткыч күчү болууга тийишсиңер! Анткени кайсы тармакты алба, келечек – билимдүүлөрдүн, максат коюп, ага жете билгендердин колунда экенине турмушубузда күбө болуп, Кыргызстанда билими жетик, илими терең, ошону менен улуттук нарк-насилди урматтаган, дүйнөлүк ой жүгүртүүгө ээ жаштарга муктаж болуп турганыбызды жашырбай айтып келе жатабыз. Ошондуктан “Бүгүнкү ийгилик – эртеңки жоопкерчилик” деп алган билимиңерди, бардык мүмкүнчүлүгүңөрдү, жигердүүлүгүңөрдү өлкөбүздүн өнүгүүсүнө арнаарыңарга бекем ишенем. Жаңы Кыргызстанды куруу жолунда адилеттүү, өнүккөн, ак ниет эмгекке негизделген мамлекетти куруу мына силердей жаштардын колунда!
Силердин бүгүнкү жетишкендигиңерди баалоодо мугалимдердин мээнетин белгилебей коюуга мүмкүн эмес. Ар бир студенттин ийгилигинин артында – билимге багыт берген, дем берген, ата-энедей мээрим төккөн, акыл-насаат айткан окутуучулардын эмгеги жатат”, — деди мамлекет башчысы.





 
			     
 
 
 
 
