7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Жалал-Абаддагы “Асман Резиденс-4” турак жай комплексинин ачылышына катышты

222

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда, Жалал-Абад облусунда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган “Асман Резиденс-4” турак жай комплексинин ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, “Асман Резиденс-4” Сузак районунун Ленин айылында жайгашкан. Комплекс тогуз кабаттуу 12 турак жай блогунан турат, аларда 945 батир бар. Жер астында  172 жана  жер үстүндө 514 орундуу унаа токтотуучу жай, ошондой эле балдар аянтчасы жана воркаут-зона каралган. 

Президент өз сөзүндө жарандарды жеткиликтүү жана ыңгайлуу турак жай менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясат жигердүү жана ырааттуу ишке ашырылып жатканын белгиледи.

223