7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттик Администрацияда жаш спортчуларды сыйлоо аземи өттү

348

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында грек-рим күрөшү (U-23), эркин күрөш жана бокс боюнча жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта жетишкен ийгиликтери үчүн спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү.

Сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тапшырды. Жогорку спорттук жетишкендиктери үчүн спортчуларга жана алардын насаатчыларына бир жолку акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

«Бул жетишкендиктер өсүп келе жаткан муун үчүн маанилүү үлгү болуп, жаңы спорттук жеңиштерге жол ачат. Өлкө жетекчилиги спорттун өнүгүшүнө ар дайым колдоо көрсөтүп, спортчуларыбыздын эл аралык аренадагы ийгилигине көмөктөшөт”,-деди Эдил Байсалов.

Салтанат Тиранда (Албания) өткөн грек-рим жана эркин күрөш боюнча жаштар арасында (U-23) дүйнөлүк чемпионаттын, ошондой эле Будва шаарында (Черногория) өткөн бокс боюнча жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыгын чыгарууга байланыштуу болду.

 

349