7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин иш башкармалыгы “Ысык-Көл” мейманканасы боюнча үн катты

896

Президенттин иш башкармалыгы “Ысык-Көл” мейманканасы боюнча үн катты.

Маалыматка ылайык, «Ысык-Көл» мейманканасы 1984-жылы курулган жана 2007-жылдан тартып колдонулбай калган. Ал кезде толук реконструкция талап кылынган. Имаратты сактап калуу жана эл аралык талаптарга жооп берген заманбап мейманкана катары иштетүү үчүн толук реконструкция кылуу максатында бир нече жыл бою көптөгөн инвесторлор менен, анын ичинде чет элдик дагы, сүйлөшүүлөр жүргөн.

Ошондой эле, ири мейманкана түйүндөрүнө дагы инвестициялоо сунушталган. Бирок эч ким инвестиция салууну каалаган эмес. Натыйжада 13-14 жыл мейманкана колдонулбай, акырындап бузула берген.

Мамлекеттик мекемелердин дээрлик бардыгынын имараттары өткөн кылымдын 50-жылдарында курулуп, дайыма оңдоо жана реконструкцияны талап кылат.

Анын үстүнө Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдары мамлекеттик маанидеги бир дагы административдик имарат курулган эмес.

Каражаттарды рационалдуу пайдалануу, унаа жолдорун бошотуу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплексти куруу чечими кабыл алынды. Учурда анын максаттуулугу боюнча маселе каралууда.

Бузуу иштерин «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Курулуш иштерин Президенттин Жарлыгы менен жаңы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция жүргүзөт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

897