7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин колдоосу менен Талас шаарында 5 кабаттуу университет курулууда

2

Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Талас шаарында алгачкы жолу Талас мамлекеттик университети үчүн 5 кабаттуу жаңы окуу имаратынын курулушу бүгүнкү күндө кызуу жүрүп жатат.

Белгилүү болгондой, 2025-жылдын жаз айларында университеттин эмгек жамааты өкүлчүлүккө кайрылып, окуу жайдын имаратына капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүп берүү өтүнүчүн билдиришкен. Бул маселе өлкө башчыбызга түз жеткирилгенде, мамлекет башчыбыз капиталдык оңдоонун ордуна жаңы 5 кабаттуу имарат куруу боюнча чечим кабыл алып, анын каржылык маселесин да чечип берген.

Учурда жалпы аянты 5600 чарчы метрди түзгөн 5 кабаттуу имараттын пайдубалы түптөлүп, экинчи кабатынын курулушу активдүү уланууда. Жаңы кампус бардык заманбап окуу куралдары менен жабдылып, студенттер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Бул долбоор аймактагы билим берүү сапатынын жогорулашына да чоң салым кошот.

Убакыт өзгөрөт, дүйнө жаңыланат. Бирок билим — ар дайым адамды бийиктикке жетелеген күч. Жаңы окуу имараты заманбап талаптарга жооп берген билим берүү борборуна айланып, келечек муунга кызмат кылат деген ишеним чоң. Ушундай шарттар түзүлсө, Талас шаары билим менен дагы да бийиктейт деген ниеттебиз.

Талас мамлекеттик университети 1994-жылы түзүлгөн. Ал совет мезгилинен бери иштеп келген Талас педагогикалык окуу жайынын базасында уюштурулган. Ал эми бул педагогикалык окуу жай 1930-жылдары эле өз ишин баштаган. Демек, университеттин билим берүү тармагындагы тарыхы 90 жылдан ашуун убакытты камтыйт.

Жаңы окуу имаратын өлкөбүздүн Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын салтанаттуу белгилөө учурунда, студенттерге мамлекет башчыбыздын катышуусунда ишке берилет.

3