7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин тапшырмасы, Ташиевдин демилгеси менен УКМКнын академиясы курулуп баштады

697

Бүгүн 3-мартта УКМКнын академиясы курулуп баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин академиясын түзүү боюнча Куралдуу Күчтөрдүн башкы колбашчысы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жана Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен ишке ашып баштаган  «УКМК Академиясынын” имаратынын пайдубалына капсула салынды.

 

Курулушту баштоо аземине УКМК жетекчилери жана өздүк курам, ардагерлер жана атайын чакырылган коноктор катышты. Заман талабына ылайык курулган болочок “УКМК Академиясында” кыргыз элинин, мамлекеттин коопсуздугун көздүн карегиндей сактап, коргой турган кесипкөй кызматкерлер окуп, даярдалышына тилектештик билдирилди.

 

Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет болуп жарыялангандан бери өлкөбүздө Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин окутуп, даярдоочу адистештирилген толук кандуу атайын жогорку окуу жайы жок.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

698