7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү Балыкчы шаарынын өнүгүү долбоорлору менен таанышты

126

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов менен Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев шаардын көрүнүшүн олуттуу түрдө өзгөртө турган ири инфраструктуралык долбоорлордун жүрүшү менен таанышты.

Облустук администрациядан билдиришкендей, жетекчилер Балыкчы шаарынын кире беришине заманбап балык базарын курууга өзгөчө көңүл бурушту. 150 сатуучуга ылайыкталган жаңы базар айланма жолдун жанындагы жол тыгындарын жана жөнгө салынбаган соода көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган.

Мындан тышкары, расмий өкүлдөр кыргыз элинин улуттук мүнөзүн жана өлкөнүн жети дубанынын биримдигин чагылдырган маданий эс алуу борбору катары жанаша жайгашкан этнокомплекстти да карап чыгышты.

Облустук бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, бул объектилер Балыкчы шаарынын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, ишкердикке жагымдуу шарттарды түзүү, шаардын жана жалпы облустун туристтик жагымдуулугун өнүктүрүү үчүн өтө зарыл.

 

127