12-13-декабрь күндөрү, УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте «Притон»аттуу профилактикалык иш-чараларды жүргүзүлдү.
Анда мончо,мейманкана сыяктуу 60 жайлар текшерилип, интимдик кызмат көрсөткөн 50 гө жакын кыздар аныкталган. Алар милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, тиешелүү тергөө жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, административдик протоколдор түзүлүп, айып пул салынды, Бишкек шаарынын ИИБнин атайын кабыл алуу жайына 7 адам жеткирилди , ошондой эле притон кармоонун 1 фактысы аныкталып, Биринчи май районунун ИИБдин Тергөө кызматы тарабынан 1982-жылы туулган А.А. ээсине карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү )боюнча кылмыш иши козголду жана Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Мындан тышкары, милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан ар кандай фактылар боюнча 30дан ашык кылмыштын бети ачылган.
Рейддик иш- чаралар улантылууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram