7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Прокуратура: Балыкчы шаардык колледжинин жетекчилиги мамлекетке 2 миллион сомдон ашуун зыян келтирген

1035

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин алдындагы Балыкчы шаардык колледжинде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө 2018-жылы колледждин директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу аркылуу имараттын 3-кабатын жана жер тилкесин ЖЧКга төмөн баада 5 жылга ижарага берүү тууралуу келишим түзүп, бирок белгиленген ижара акы дагы колледждин кассасына кириштелбей, мамлекетке  2 миллион 83 миң 905 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1036