7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Прокуратура тарабынан мыйзамсыз берилген 7 млн. сомдук жер кайтарылды

631

Таш-Көмүр шаардык прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз берилген, баасы 7 миллион 350 миң сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Таш-Көмүр шаардык мэриясы мыйзам талаптарын бузуу менен М.А. аттуу жарандын менчигине 3.0 га жерди өткөрүп берүү тууралуу чечим чыгарган. Ал эми, учурунда мамкаттоо органы тарабынан жеке менчик укугу жөнүндө акты берилген.

Мэриянын токтомун жана жеке менчик укугун күбөлөндүргөн документтерди жараксыз деп табуу жөнүндө прокуратуранын доо арызы сот тарабынан толугу менен канааттандырылган.

Келтирилген прокурордук актынын негизинде, жер тилке шаарынын мэриянын балансына кабыл алынды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

632