7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Прокуратуранын кызматкерлери жүз миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

748

Прокуратуранын кызматкерлери, адвокат жана жеке аудитор пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 14-декабрында жүз миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын прокуратурасынын ага тергөөчүсү А.М.Ш., адвокат Т.З.М. жана жеке аудитор Т.С.Т. кармалды.

Аталган адамдар алдын ала сүйлөшүп алышып КРнын Б.К.С. аттуу жаранына карата кылмыш ишин токтотуу жөнүндө соттун чечимин чыгаруу үчүн опузалап акча талап кылгандыгы аныкталган.

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Башкы прокуратурасынын тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

749