7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Прокуратуранын сунушу менен айыл өкмөт башчы кызматынан алынды

913

Чүй областынын Москва райондук прокуратурасы тарабынан Предтеченка айыл өкмөтүндө жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Текшерүүдө, Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысы С.А. жер мыйзамдарынын нормаларын одоно түрдө бузуп, муниципалдык жер участокторун жеке менчикке тооруксуз сатып жибергендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан Москва райондук мамлекеттик администрациясына мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча чараларды көрүү жана айыл өкмөтүнүн башчысынын ээлеген кызматына ылайыктуулугу боюнча маселени чечүү сунушу киргизилген.

Сунушту кароонун натыйжасында Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын буйругу менен Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматынан бошотулду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

914