7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Путин: 9 ай ичинде эки өлкөнүн ортосундагы соода дагы 17%га өстү

216

Россия – Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөшү. Өткөн жылы товар жүгүртүү 13,6%га өсүп, 4,1 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары учурунда билдирди.

Ал белгилегендей, ушул жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында эки өлкөнүн ортосундагы соода дагы 17%га өстү.

“Бардык төлөмдөрдүн болжол менен 97%ы улуттук валюталарда жүргүзүлөт. Биз өз ара эсептешүүлөрдү уюштуруунун жаңы жолдорун иштеп жатабыз. Россиянын инвестициясы да өсүп, дээрлик 2 млрд долларга жетти”, — деди Путин.

Россия президенти маалымдагандай, Россиянын катышуусу менен 1700 ишкана Кыргызстанда иштеп жатат.

“Россиялык инвесторлордун Кыргызстан менен кызматташууга жана өз капиталын кыргыз экономикасына салууга болгон бул ишеними сиздин аракеттериңизге жана ички саясаттын оң динамикасына байланыштуу экенин белгилегим келет”, — деп айтты Россия лидери.

217