Бүгүн, 25-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү.
Алсак, депутат Рада Туманбаева Өкмөттүн түзүмүнө байланышкан маселеге токтолуп: «Экологиялык абал оор болуп турган учурда Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жоюлуп, анын иш милдеттери башка министрликтерге бөлүштүрүлүп жатканы туура эмес. Бул бөлүштүрүүнү Өкмөт кайрадан карап чыгуусу кажет», — деди.
Ал эми депутат Калдарбек Баймуратов Өкмөттү Төө-Ашууда абалга ыкчам көңүл бурууга чакырып: «Даярдыктын жоктугунан жолдогу абал карапайым элди кыйноодо», — деди.
Муну менен катар депутат Карамат Орозова Баткен облусундагы мамлекеттик чек арага байланышкан көйгөйдү көтөрүп: «Ал жактагы абал оор. Бирок, мүмкүнчүлүктөр да чоң. Анткени, Баткен облусу кенге бай. Аны толук иштетсек, жергиликтүү эл жумуш менен камсыздалып, турмушу оңолмок», — деп кошумчалады.
Андан тышкары, депутат Бактыбек Райымкулов Панфилов районундагы ооруканада иштеген дарыгерлери пандемия маалында төлөнүүчү каражаттарын ала албай жатышканын жүйө келтирип, Өкмөт аталган маселени өз көзөмөлүнө алышы керектигин белгиледи.