7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Равшанбек Сабиров: «Инвестиция боюнча кеңештер үчүн чат-бот иштей баштады»

162

Инвестиция боюнча кеңештер үчүн чат-бот иштей баштады. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, агенттиктин расмий порталы жаңыртылып, ыкчам консультацияларды бере турган чат-бот 24 саат бою иштеп жатат.

“Технологиялардын тез өнүгүүсүнүн шартында экономиканын өнүгүүсү санариптик трансформациясыз мүмкүн эмес. Ошондуктан биз ачык-айкындуулукту жана инвесторлор менен байланыштын ылдамдыгын жогорулатуу үчүн инструменттерди киргизебиз. 2026-жылы электрондук өтүнмөлөрдү берүү, маалыматтардын борборлоштурулгандыгын сактоо жана инвестициялык долбоорлордун бирдиктүү санариптик реестрин түзүү үчүн арналган “Инвестициялар” автоматташтырылган маалымат тутуму ишке ашырылат”, — деди Сабиров.

163