7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россиядагы 6 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Экөө кыргызстандыктар

727

Россиянын Самара облусунда жол кырсыгынан 6 адам, анын ичинде кыргызстандыктар каза болду. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, кырсык ушул жылдын 27-июнунда болжол менен саат 01:30дар чамасында болгон. Анда Honda Stepwgn жана Hyundai Elantra үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен көз жумгандар болжол менен Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары болгон.

“Алдын ала маалымат боюнча, жол кырсыгы кыргыз жаранынын башкаруусундагы Hyundai унаасынын кесепетинен болгон. Анткени унаа каршы тилкеге чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Hyundai Elantra унаасынын айдоочусу жана төрт жүргүнчүсү, ошондой эле Honda Stepwgn унаасынын бир жүргүнчүсү жеринде көз жумган. Учурда сегиз адамга медициналык жардам көрсөтүлүүдө”, — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, кырсыктан каза болгон алты кишинин экөө Кыргызстандын жарандары болгон. Алар 1992-жылы жана 1979-жылы туулган эркек жана аял.

Элчилик жабыр тарткан мекендештерге консулдук-укуктук жардам көрсөтүп, каза болгон жарандардын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүүнү уюштурууда. Маселе ТИМ менен элчиликтин көзөмөлүндө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

728