7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россияда мигранттар үчүн талаптар күчөтүлдү: Патент, киреше жана жаңы чектөөлөр

4

Россиянын Мамлекеттик Думасынын расмий сайтында Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володиндин мыйзамдарга даярдалып жаткан түзөтүүлөр тууралуу билдирүүсү жарыяланды.

Демилгеге ылайык, эмгек мигранттары өздөрү жана үй-бүлө мүчөлөрү үчүн тапкан кирешеси жүргөн аймактагы жашоо минимумунан төмөн эмес экенин тастыктоого, ошондой эле белгиленген алдын ала төлөмдү төлөөгө милдеттендирилет.

Володин аталган шарттардын сакталбашы патент берүүдөн баш тартууга же аны жокко чыгарууга негиз болорун, бул болсо мигранттын өлкөдө жүрүү мөөнөтүн кыскартарын белгиледи. Кирешелерди текшерүү менен салык органдары жана ИИМ алектенет.

Мындан тышкары, эмгек мигранттарынын балдары 18 жашка толгондон кийин 30 күндүн ичинде Россиядан чыгып кетүүгө милдеттүү болушат.

Убактылуу жашоого уруксат (РВП) алган адамдар үчүн да шарттар катаалдаша турганы белгиленет. Эгерде чет өлкөлүк жаран бир жыл ичинде 10 айдан кем иштеген болсо, ага мындай документтер берилбейт же мурда берилгендери жокко чыгарылышы мүмкүн.

«Сунушталып жаткан чаралар эмгек мигранттарын, алардын үй-бүлөлөрүн, ошондой эле кирешелерин көзөмөлдөө механизмдерин кеңейтиши керек. Бул өз кезегинде мыйзамсыз миграция менен күрөшүүгө өбөлгө түзөт», – деп билдирди Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин.

Сайтта жарыяланган маалыматка караганда, 2025-жылы чет өлкөлүк жарандар тарабынан Россиянын аймагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн 2,3 млн патент таризделген, бул 2024-жылга салыштырмалуу 9 пайызга көп. Алардын ар бири жеке жактардын киреше салыгы боюнча алдын ала төлөм киргизген. Анын жалпы суммасы 172 млрд рублди түзгөн – бул бир жыл мурункуга караганда 39 пайызга жогору.

Төлөмдөрдүн эң чоң көлөмү Москва, Санкт-Петербург шаарларында, Татарстан Республикасында, ошондой эле Москва, Ленинград жана Свердлов облустарында катталганы белгиленет.

Володиндин айтымында, көрсөткүчтөрдүн өсүшү эмгек миграциясынын «көмүскөдөн» чыгып жатканынан кабар берет.

5