7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россиядан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 11 тонна колбаса азыктары артка кайтарылды

201

“Ак-Тилек” чек ара көзөмөл өткөрүү жайында Россиядан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 11 миң 720 кг колбаса азыктары аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунун инспекторлору тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы белгилүү болду.

Аталган факт боюнча тиешелүү тартипте актылар түзүлүп, жүктү Кыргызстандын аймагына киргизүүгө тыюу салынды. Натыйжада жүк кайра Россияга жөнөтүлдү.

202