7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Рысбек Акматбаевди кимдер өлтүргөн? Резонанстуу кылмыштын бети ачылды

1317

Кримавторитет Рысбек Акматбаевди мыкаачылык менен өлтүргөн кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 2006-жылдын 10-майында Көк-Жар айылында мечиттин жанынан Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз адамдар Р.Акматбаевге куралдуу кол салышып, башына жана көкүрөгүнө көптөгөн ок тийип, алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.

Ошол учурда укук коргоо органдарынын айтымында, киши өлтүрүүнү бир кылмышкер жасаган, ал беткап кийип Акматбаевди “Калашников” автоматы менен атып, из жашырып кеткен.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси “Киши өлтүрүү” (1997-ж. редакциясы) боюнча кылмыш иши козголгон, ал белгисиз себептер менен ушул убакка чейин резонанстуу кылмыш болуп ачылбай келген. УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө Камчы Көлбаев, Алмамбет Анапияев, Болот Самсалиев (“Боха Казарманский”) жана Марат Раимбеков (“Рэмбо” аты менен белгилүү, дайынсыз жоголгон) уюштуруп, жасагандыгы аныкталды.

«Акматбаевди жок кылууну жогоруда аталган катышуучулардын баары аткарышы керек болгон, бирок адам өлтүрүү учурунда унаанын рулунда Раимбеков, ошондой эле унаанын артында отуруп кылмышты көзөмөлдөгөн К.Асанбек калган. Буга байланыштуу Анапияев менен Самсалиев Камчы Асанбектин чыгышын күтпөстөн, Акматбаевди маңдайынан түз атып, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен. Бул фактылар Асанбектин киши өлтүргүчүнүн (киллер) көрсөтмөлөрүнүн негизинде аныкталды, анын аты-жөнү тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбайт»,- деп берилет маалыматта.

Учурда УКМК тарабынан Асанбектин жана анын кылмыштуу топторунун ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо жана ачууга багытталган тиешелүү издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы тууралуу дагы кабарланат.

1318