7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүйүнбек Касмамбетов: «Манаста» жана Айтматовдо зор идеялык мазмун бар

1067

Бүгүн, 30-мартта, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов «Манас» эпосунун жана Чыңгыз Айтматовдун мурасы — улуттук баалуулуктардын негизи» эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекеттик катчы өз сөзүндө илимий конференцияга түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү илимий ишмерлери да катышып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, түрк дүйнөсүнүн бир катар илимпоздору өз баяндамаларын жана рецензияларын видеоматериал, кайрылуу түрүндө жөнөтүшкөн. Бул өз кезегинде кыргыз эли жана илимий чөйрөсү үчүн чоң мааниге ээ.

«Бүгүн конференция жүрүшүндө биз „Манас“ эпосу менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын окшоштуктарын салыштырып жатабыз. Биз Айтматовдун чыгармалары жана эпостогу үзүндүлөр аркылуу дүйнөнү ынтымакка, өнүгүүгө, толеранттуулукка жана боорукердикке чакыргыбыз келет. Анткени „Манас“ эпосунун өзү жана Айтматовдун чыгармалары чоң гуманитардык капитал эмеспи. Аларда дүйнөлүк экономиканын темаларынан баштап, глобалдык коопсуздук маселелеринен тарта экологиялык көйгөйлөргө чейин адамзаттын жашоосунун бардык учурлары бар. Башкача айтканда, камтуусу чексиз. „Манаста“ жана Айтматовдо зор идеялык мазмун бар», — деп белгиледи ал.

Сүйүнбек Касмамбетов түрк дүйнөсүндө «Манас» эпосу менен Айтматовдун чыгармалары абдан популярдуу экенин эске салды.

«Бүгүнкү күндө түрк дүйнөсүндө Чыңгыз Айтматовдун бардык жыйнактары жана чыгармалары, „Манас“ эпосунун бардык томдору жана анын айрым эпизоддору китеп болуп чыгарылып, алар кайра басылып чыкты. Биз үчүн бул — улуттук сыймык», — деди ал.

Иш-чаранын соңунда мамлекеттик катчы конференциянын жыйынтыгы боюнча жыйында сүйлөнгөн сөздөрдүн эң маанилүү үзүндүлөрү чагылдырылган жыйнактар чыгарын билдирди.

Белгилей кетсек, конференцияга саясий илимдердин доктору, профессор Жумагул Сааданбеков, академик Абдылдажан Акматалиев, академик Абдыганы Эркебаев жана академик Осмонакун Ибраимов, ошондой эле белгилүү окумуштуулар, эксперттер, маданият ишмерлери жана журналисттер катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1068