7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүйүнчү! Тынар Шаршенбеков алтын утуп Азия чемпиону болду

833

Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандык балбан Тынар Шаршенбеков алтын медаль жеңди. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында жарыяланды.

Шаршенбеков өзүнүн 63 кг салмагында мелдештин чейрек финалынан баштап катышып, алгач индиялык балбан Ниражды 10:4 эсебинде утуп алган.

Жарым финалда өзбекстандык Исломжон Бахрамов менен килем үстүнө чыгып, Бахрамовдун далын жерге басуу аракети менен 13:7 эсеби менен жеңишке жеткен.

Ал эми финалда казакстандык Мейрамбек Айнагуловго каршы килем үстүнө чыгып, Шаршенбеков атаандашынын далысын жерге басып, алтын байгени багындырды.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

834