7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүлүктүдө кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды

781

Сүлүктү шаарынын айрым кызмат адамдарынын кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сүлүктү шаардык мэриясынын айрым кызмат адамдары тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында “АРИС” долбоорунун алкагында 2018-жылдан бери жалпы суммасы 225 миллион 173 миң 374 сом болгон суу түтүктөрүн реабилитациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бирок аткарылган иштер талапка жооп бербей, бүгүнкү күнгө чейин ичүүгө таза суу бериле элек жана ошондой эле Сүлүктү шаарынын суу түтүктөрү ишке киргизиле элек.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө бөлүнгөн каражаттын максаттуу пайдаланылышын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

782