7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүлүктүдө тургундун 8 баш малын уурдап кетишкен эки шектүү кармалды

607

Сүлүктүдө мал уурулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Раззаков айылынын 27 жаштагы жарандын Сүлүктү шаарындагы Майтонбоз жайытында жайгашкан короосунан белгисиз адамдар койлорун уурдап кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган.

Бул арыз Сүлүктү ШИИБне Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 4 баш койду козулары менен, жалпылап айтканда 8 баш малын белгисиз адамдар короосунун кулпусун бузуп уурдап кеткендиги аныкталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин негизинде Сүлүктү шаарынын 21 жаштагы Н.у Н. менен 21 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Кармалган 2 шектүүнүн былтыркы жылы 7 факт бодо мал уурдап сатып жүргөндүгү белгилүү болгон. Ал эми 8 баш уурдалган койлор өз ээсине кайтарылды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

608