7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«С-Лайн» кооперативинин жетекчиси Бакыт Аалиев үй камагына чыкты

1244

“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу” боюнча айыпталып жаткан «С-Лайн» кооперативинин жетекчиси Бакыт Аалиев үй камагына чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта 7-каналга Ош облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, бөгөт чарасы Ош шаардык сотунда кечээ, 22-мартта каралып, үй камагына чыккан. Ал 2 ай үй камагында болот. Буга кылмыштын категориясы анча оор эмес кылмыштарга киргени себеп болгон. «Жашаган жери туруктуу, тергөөдөн качууга себеп жок. Тараптар менен келишим болгон. Бул иш жарандык тартипте каралышы керек»,- дешти соттон.

Белгилей кетсек, анын үстүнөн 24 адам арыз жазган, андан сырткары Бишкек шаарында дагы жабырлануучулар бар экени айтылууда. Ал эми тергөөнүн алгачкы териштирүүсүндө эле 40 миллион сомдук зыян эсептелген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1245