7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өсүмдүк майы менен кумшекердин баасы арзандай турганы айтылды

1348

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кыргызстанда өсүмдүк майы менен кумшекердин баасы арзандай турганын билдирди.

Ажикеевдин бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында айтканына караганда, 1 миллион килограмм кумшекер өлкөдөгү соода уюмдарына таратылып жатат жана бир килограммы 70 сомдон болот. Ошондой эле 500 миң литр өсүмдүк майы да таратылып бир литри 130 сом деп белгиленди.

“Украинадагы кырдаалдан улам биздин жарандар азык-түлүк коопсуздугуна кабатыр болууда. Акыркы үч күндөгү дүрбөлөң тез эле өлкөгө жайылып кетерин көрсөттү. Дүкөндөрдө кумшекер калбай калды. Биз текшергенде дүңүнөн соода кылгандарда кумшекер бар экен. Болгону дүкөндөрдө гана түгөнүп калган. Ушундан улам бир килограмм кумшекер 100 сомго, мүшөгү 5 миң сомго чейин чыккан”, — деди ал.

Буга чейин, Министрлер кабинети Кыргызстанда беш айга жете турган кумшекер менен өсүмдүк майы бар экенин билдирип, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1349